Быйыл Бишкекке 7 мектеп куруу пландалууда.
Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси
Болотбек Апилов билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелери
Алтын-Ордо, Мура-Ордо, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Көлмө, Ак-Бата жана
Ак-Өргө конуштарында пайда болот. Курулуш иштеринин аякташы менен
ордо калаада 3 миңден ашык окуучу жаңы мектептерде билим алууга шарт түзүлөт.