Кыргызстан 1 миллиард сомго жазгы себүү иштерине үрөн сатып алуу ниетинде

Кыргызстан 1 миллиард сомго жазгы себүү иштерине үрөн сатып алуу ниетинде.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары

Рустам Каракулов билдиргендей, учурда сатып алуулар боюнча Россия менен

сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок үрөн дыйкандарга кандай шарт менен берилери

айтылган жок. Андан тышкары, минералдык жер семирткичтерди сатып алуу

боюнча дагы документ даярдалууда. Процесстер жазгы талаа иштери

башталганга чейин аяктайт, — деп кошумчалады чиновник.