Түркияга 54 жылдан бери алгачкы ирет калың кар жаады.
Көрүнүш Газиантеп провинциясында катталды. Учурда аталган аймакта
калыңдыгы жарым метрден 1 метрге чейин жеткен кар жатат. Кар массасы
кичи жана ири жолдорду тосуп калды. Андан улам, айдоочулар 1 суткадан
бери жолдун ачылышын күтүп турат. Түркия бийлиги кар калың түшкөн
аймактан элди эвакуациялоо үчүн 2 аскер учагын жөнөттү. Ошондой эле
атайын даярдыктагы 900 транспорт кызматка чыкты. Учурда алыскы
аймактардан 3 миң адам жана кар алдынан 2 миң унаа чыгарылды.