Чет өлкөлүк жарандарга берилген миграциялык амнистиянын мөөнөтү жазда аяктайт

Чет өлкөлүк жарандарга берилген миграциялык амнистиянын мөөнөтү жазда аяктайт. Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган “жашыл коридордун” мөөнөтү 1-мартта соңуна чыгат. Андан улам, аталган мөөнөткө чейин республика аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жокторго өлкө аймагынан чыгып… Кененирээк…

Мамлекеттик бажы кызматына төрага дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматына төрага дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, кызматка Самат Исабеков кайрадан бекитилди. Ал орунга былтыр июнда дайындалып, ктябрда кайра алынган. Октябрда дайындалган Адилет Кубанычбеков ушул жумада коррупцияга шектелип кармалды. Ал 17-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Бирок кызматтан… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун кайра каттоого республикалык бюджеттен 320 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун кайра каттоого республикалык бюджеттен 320 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, каражат маалыматтарды топтогон 28 миң операторду окутууга, ноутбуктарды сатып алууга жана айлыктарды төлөөгө жумшалат. Эске салсак, 25-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында сурамжылоо жолу… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң чоң кургак аймак деп эсептелген Сахара чөлүнө кар жаады

Дүйнөдөгү эң чоң кургак аймак деп эсептелген Сахара чөлүнө кар жаады. Кар массасы чөлдүн тоолу аймагында орун алган Айн-Сефра шаарына түштү. Ал деңиз деңгээлинен 1 миң метр бийиктикте жайгашкан. Алгач аталган аймакта түнкүсүн абанын табы -2 градуска чейин төмөндөгөн. Сахаранын бул чөлкөмүндө январда абанын орточо… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарды калыбына келтирүү иштери уланууда

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарды калыбына келтирүү иштери уланууда. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жумуштар 70 пайызга аткарылды. Иштердин аякташы менен анда 800дөн ашык соода жайы пайда болот. Базарды быйыл апрелде пайдаланууга берүү пландалууда.

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды. Жалпысынан 24 билим берүү мекемеси аралыктан иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, онлайн форматта иштеп жаткан мектептер ордо калаанын бардык райондоруна тиешелүү. Муну менен катар аймактарда 80ге жакын класстын окуучуларына аралыктан билим берилүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин бир окуучудан коронавирус аныкталса… Кененирээк…