Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 11,5 миң тонна ун берилет

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 11,5 миң тонна ун берилет. Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди. Анын айтымында, былтыр тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнүп, ага Россиядан  63 миң тонна буудай, 3 миң тонна кумшекер, 2… Кененирээк…

Пекинде Олимпиада отунун эстафетасы 2-февралдан 4үнө чейин өтөт

Пекинде Олимпиада отунун эстафетасы 2-февралдан 4үнө чейин өтөт. Иш-чара үч жерде белгиленет. Ага болжолдуу түрдө 50 шам кармагандар катышат. 2022-жылкы Олимпиада оту Кытайдын борборуна былтыр 20-октябрда алынып келинген. Кошумчаласак, учурда Кытай олимпиадага акыркы даярдыктарды көрүүдө. Күтүлгөндөй, кийинки жумада Кытайга чет өлкөлүк делегациялар келип баштайт.

Бишкекте жеткинчектер арасында бокс боюнча республикалык чемпионат старт алды

Бишкекте жеткинчектер арасында бокс боюнча республикалык чемпионат старт алды. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 140 мушкер катышат. Таймаш 48ден 92 килограмга чейинкилер арасында 19 салмак категориясында өтөт. Турнир спорт ордосунда уюштурулат жана ал 23-январда жыйынтыкталат.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда атом станциясынын курулушу тууралуу комментарий берди

Энергетика министрлиги Кыргызстанда атом станциясынын курулушу тууралуу комментарий берди. 24 агенттигине ведомстводон билдиришкендей, кыргыз тарап Россия атомчуларынын өндүрүшүн үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирген. Станцияны куруу тууралуу айта турган болсок, чечим бүткүл элдик талкуунун жыйынтыгы боюнча гана кабыл алынышы керек. Энергетика министрлигинен белгилешкендей, бул узакка созулган процесс… Кененирээк…

Бишкекте жазгы көктөндүрүүгө даярдыктар башталды

Бишкекте жазгы көктөндүрүүгө даярдыктар башталды. “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын  күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдү себүү иштери жүрүп жатат. Гүлдөрдүн биринчи партиясында 300 миңге жакын урук себилди, кийин алар ачык асман алдында, калаанын белгиленген жерлерине отургузулат. Эске салсак, бул жылы шаардын гүлзарларын сальвия, тагетис, цинния, георгин, агератум жана башка… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга атомдук электр станциясын курууну пландап жатат

Россия Кыргызстанга атомдук электр станциясын курууну пландап жатат. Тиешелүү меморандумга «Росатом» мекемесинин башкы директору Алексей Лихачев менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев кол койду. Күтүлгөндөй РИТМ-200Н реактордук орнотмосунун базасында станциянын курулушу күтүлүүдө.  Аталган объектинин Кыргызстанда болушу өлкөнү электр энергиясы жагынан көз карандысыз кылууга шарт түзөт, —… Кененирээк…

Улуттук опера жана балет театрынын спекталдери февралга жылдырылды

Улуттук опера жана балет театрынын спекталдери февралга жылдырылды. Маданият үйүнүн маалыматы боюнча, көрсөтүүлөрдү жылдырылышы эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу. Көрсөтүүлөрдү убактылуу токтотуу чечимин санэпидем көзөмөл борбору кабыл алды. Театрдан белгилешкендей, буга чейин сатып алынган билеттер жаңы даталарда жарактуу болот.

Дүйнөдө жумушсуздуктун күч алышы 2023-жылдын аягына чейин сакталат

Дүйнөдө жумушсуздуктун күч алышы 2023-жылдын аягына чейин сакталат. Эл аралык эмгек уюмунан билдиришкендей, дүйнөлүк эмгек рыногунун аксашы мурдагыдай эле пандемияга байланыштуу. Ал тез арада калыбына келбейт. Буга коронавирустун улам жаңы штаммдары чыгып жатканы себеп. Салыштырмалуу айта турган болсок, 2019-жылы дүйнө боюнча жумушсуз жарандардын саны 186… Кененирээк…

Бишкектиктердин “Тазалык” ишканасына болгон карзы 70 миллион сомдон ашты

Бишкектиктердин “Тазалык” ишканасына болгон карзы 70 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу муниципалдык мекеменин жетекчиси Азат Сагынов билдирди. Анын айтымында, жарандардан береселерди өндүрүү кыйын болууда. Башка коммуналдык кызматтарга карызы бар болгон керектөөчүлөрдү өчүрүп коюуга болсо, таштандыны чыгарбай кетүү мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депуттарын кайра шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди каттоо кийинки жумада аяктайт

Жогорку Кеңештин депуттарын кайра шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди каттоо кийинки жумада аяктайт. БШКдан билдиришкендей, билдирмелер 27-январга чейин кабыл алынат. Учурда Биринчи Май жана Свердлов окуругдары боюнча шайлоого катышууну каалагандардын саны 42ге жетти. Ал эми талапкерлердин үгүттөө өнөктүгү 7-февралда башталып, 26-февралда аяктайт.  Эртеси “Тынчтык күнү” болуп… Кененирээк…