Кыргызстанда алгачкы ирет лифт жабдууларын чыгарган завод ишке кирет

Кыргызстанда алгачкы ирет лифт жабдууларын чыгарган завод ишке кирет.

Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришкендей, анда жылына

3 миңден ашык жабдуу чыгарылат. Ишканада ошондой эле темир эшик,

автоматташтырылган токтоочу система жана башка тетиктер өндүрүлөт.

Жабдууларды Борбор Азияга чыгаруу пландалууда. Ишкананын ачылышы менен

200 жаңы жумуш орду түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 11 миллион сом.