Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык саякаттоолор үчүн чектөөлөрдү жеңилдетүүгө же жокко чыгарууга чакырат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык саякаттоолор үчүн чектөөлөрдү

жеңилдетүүгө же жокко чыгарууга чакырат. Уюмдан белгилешкендей, ар кандай

чараларды колдонуу эч кандай пайда алып келбейт. Буга «Омикрон» штаммы

айрым өлкөлөрдүн кирүүгө чектөө киргизүү чечимине карабастан жайылгандыгы

далил. Уюмдун сунуштамасында бийлик туристтерди covidге карата тесттен

өткөрүп, же карантинге жөнөтө алат деп көрсөтүлгөн. Бирок, мунун барын

тобокелдиктерди кылдат баалоонун негизинде ишке ашыруу зарыл