Ошто өткөн рейддин жүрүшүндө мас абалында унаа айдаган 14 айдоочу кармалды

Ошто өткөн рейддин жүрүшүндө мас абалында унаа айдаган 14 айдоочу кармалды.   Облустук милициядан маалым болгондой, өз алдынча унааны өзгөртүп алган 12, техникалык кароодон өтпөгөн 10, коопсуздук курун такпаган 403, документи жок унаа башкарган 16, убаганда каттоодон өтпөгөн 51, жол белгилерине баш ийбеген 466 айдоочуга… Кененирээк…

Окумуштуулар аялдардын психикасына терс таасир эткен атактууларды тизмектеди

Окумуштуулар аялдардын психикасына терс таасир эткен атактууларды тизмектеди. Биринчи орунга америкалык тележылдыз Ким Кардашьян чыкты. Андан кийин модель Кайли Женнер жана ырчы Бейонсе турат.   Адистер ыктыярчыларга Instagram тармагында көп катталуучусу бар 400 аялдын сүрөтүн көрсөтүп, аларды «толук келбеттүү», «арык» жана «чымыр денелүү» деп үч… Кененирээк…

Сокулукта “Жөө өтмөк” аталышындагы рейд өттү

Сокулукта “Жөө өтмөк” аталышындагы рейд өттү. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, жолго жакын жайгашкан орто мектептердин администрациясы жана ыктыярчылардын катышуусунда 3 күн бою кырсыктын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.   Иш-чаранын алкагында жолдордун туш тарабынан кесип өтөн жарандарга эскертүүлөр берилип, жалпысынан 21 протокол түзүлдү.

Жогорку соттун төрайымы кызматтан кетти

Жогорку соттун төрайымы кызматтан кетти.   Адилет органынын маалыматына ылайык, Нургүл Бакирова өзү жазган арыздын негизинде жумушун бошотту. Ал бул кызматка өткөн жылдын апрель айында шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеген.

Чек арага жакын жайгашкан мектептерде окуу калыбына келтирилди

Чек арага жакын жайгашкан мектептерде окуу калыбына келтирилди. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Ак-Татыр, Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Паскы-Арык, Самаркандек жана Таш-Тумшук айылдарында убактылуу жабылган мктептерде окуу кайра башталып, бала бакчалардын иши жанданды.   Окуучулардын коопсуздугун балдар менен иштеген инспекторлор көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан келтирилген чыгымы 3 миллион сомго жетти

Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан келтирилген чыгымы 3 миллион сомго жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.   Маалыматка ылайык, жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки унаа талкаланган. Бодо мал уурдалган, өрттөнүп кеткен фактылар катталды. Учурда жаңжалдан улам коопсуз… Кененирээк…

Бишкекте ушул жума жылуу болот

Синоптиктер Бишкекте ушул жумада жылуу болорун билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, ордо калаада +5…8 градус жылуу болот. Түнкүсүн дагы өтө суук эмес, -3 градуста сакталат. Бир гаан бейшембиде асманды ала булут каптайт, калган күндөрү ачык болот. Бүгүнкү туман кечке маал кайтат. Ал эми аба-ырайы жекшембиде кескин… Кененирээк…

Чүй районундагы Кош-Коргон айылында жаңы мектеп пайда болду

Чүй районундагы Кош-Коргон айылында жаңы мектеп пайда болду. Каракеев атындагы билим берүү мекемеси 350 орундуу, — деп билдиришти райондук администрациядан. Мектеп заманбап стилде салынды, анда ошондой эле так илимдер боюнча лабораториялык класстар, спорт зал, китепкана, ашкана каралды. Мекемеде 23 мугалим эмгектенип, 360 окуучу билим алат

Ош шаарында социалдык дарыканалар ачылды

Ош шаарында социалдык дарыканалар ачылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. Анын айтымында, ушундай эле арзандатылган препараттарды саткан түйүндөр жакынкы аралыкта Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда пайда болот. Андан кийин башка аймактарда дагы ачуу маселеси каралууда.

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктады

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктады. Учурда курулуш иштери уланууда, — деп билдиришти Унаа жана жолдор министрлигинен. Маалыматка ылайык, иштердин аякташы менен Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативалык унаа жолунда узундугу 4 чакырымга жакын туннель пайда болот. Анын… Кененирээк…