Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан келтирилген чыгымы 3 миллион сомго жетти

Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан келтирилген чыгымы 3 миллион сомго жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки унаа талкаланган. Бодо мал уурдалган, өрттөнүп кеткен фактылар катталды. Учурда жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтты.

 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуундан жалпысынан 12 кыргызстандык жабыркады.