Сокулукта “Жөө өтмөк” аталышындагы рейд өттү. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, жолго жакын жайгашкан орто мектептердин администрациясы жана ыктыярчылардын катышуусунда 3 күн бою кырсыктын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында жолдордун туш тарабынан кесип өтөн жарандарга эскертүүлөр берилип, жалпысынан 21 протокол түзүлдү.