Ош шаарында социалдык дарыканалар ачылды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин
Рахматуллаев билдирди. Анын айтымында, ушундай эле арзандатылган
препараттарды саткан түйүндөр жакынкы аралыкта Бишкекте жана
Жалал-Абад облусунда пайда болот. Андан кийин башка
аймактарда дагы ачуу маселеси каралууда.