Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктады.
Учурда курулуш иштери уланууда, — деп билдиришти Унаа жана жолдор министрлигинен.
Маалыматка ылайык, иштердин аякташы менен Түндүк-Түштүк, Фаза 1,
Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативалык унаа жолунда узундугу
4 чакырымга жакын туннель пайда болот. Анын бийиктиги 9, туурасы 10 метрди түзөт.
Бул Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев туннелинен 50 пайызга чоң. Жумуштар
быйыл жыл соңуна чейин аяктайт. Долбоорду Кытайдын “Эксимбанкы” каржылоодо.