Бишкектин батыш дарбазасы пайда болот

Бишкектин батыш дарбазасы пайда болот. «Бишкек башкы архитектура» ишканасы долбоордун эскизин тартуулады. Ага караганда, Дэн Сяопин проспектисинин боюнда түштүк тарапты көздөй тротуар түшүрүлөт жана Фучиктен Патрис Лумумба көчөсүнө чейин веложолчо салынат, ал Алыкулов көчөсүнө чейин уланат. Ар кайсы жерлерге эс алуу аянтчалары пайда болот. Өзгөчө… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы жүргүнчү ташуучу автобус чыгарылды

Кыргызстанда алгачкы жүргүнчү ташуучу автобус чыгарылды. Ал европалык өндүрүш менен биргеликте чогултулду. 24 агенттигинин маалыматына караганда, дизайнды жакшыртып, кемчиликтерди оңдоп чыккандан кийин, газ жана электр кыймылдаткычтары менен жүргөн автобустарды чогултуу линиясын орнотуу пландалууда. Кыргызстандыктар көрсөтүлгөн үлгүнү баалашты, алардын пикиринде коомдук унаанын ири кенен, түсү дагы… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 37 талапкер ат салышат

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 37 талапкер ат салышат. БШКдан билдиришкендей, аларга талапкердин күбөлүгү тапшырылды. Эми үгүттөө иштери 7-февраль, келаткан дүйшөмбү старт алат. Ал 26-февралга чейин созулат. Эске салсак, 27-февралда Биринчи Май жана Свердлов округдарында парламенттик кайра шайлоо өтөт. Аларда былтыр ноябрда өткөн добуш берүүдө… Кененирээк…

Ошто жаңы футбол аянтчасы пайда болот

Ошто жаңы футбол аянтчасы пайда болот. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда жаңы дренаждык системаны төшөө иштери жүрүп, металл конструкциялардан турган тосмолор орнотулууда. Жумуштарды мартка чейин бүтүрүү пландалып жатат. Аянтчаны оңдоп-түзөө иштери мэриянын жана донорлордун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда башкы резервуарда 9 миллиард суу бар. Эки ай мурда эле көрсөткүч 2 миллиард кубка көп болчу. Суунун азайынына кирешеден чыгаша 5 эсе көп болуп жатканы себеп. Андан улам, керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу… Кененирээк…

Кыргызстанда тарыхта алгачкы ирет ирригациялык системаны оңдоо иштерине 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда тарыхта алгачкы ирет ирригациялык системаны оңдоо иштерине 1 миллиард сом бөлүндү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аталган сумма сугат тармактарын калыбына келтирүүгө жумшалат. Муну менен ири көлөмдөгү сууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Белгилеп кетсек, былтыр өлкөдө жаан-чачын нормадан төмөн болуп кургакчылык катталды. Адистер аба-ырайынын шарттарынан улам быйыл… Кененирээк…

Кыргызстанда соттордун айлыгы дээрлик эки эсе көтөрүлдү

Кыргызстанда соттордун айлыгы дээрлик эки эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу каржы министрлигинин расмий сайтында жазылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, адилет органдарынын буга чейинки оклады 81 миң сом болсо, эми ал 160 миң сомго жогорулады. Бирок Жогорку Сот каржы министрлигинин маалыматын жокко чыгарды. Мекемеден белгилешкендей, соттордун айлыктары көтөрүлгөндөн… Кененирээк…

Калың туманга байланыштуу айдоочуларга этият болуу сунушталат

Калың туманга байланыштуу айдоочуларга этият болуу сунушталат. Куткаруучулар эскертишкендей, аба-ырайынын шарттарынан улам көрүү кескин начарлады. Андыктан, руль башкарууда ылдамдыкты жогорулатпай, каршы тилкеге чыкпастан, этияь болуу сунушталат. Ал эми жөө жүрүүчүлөр жолдон тиешелүү жерден гана, жол чырактын жашыл түсүндө өтүшү керек

Дыйкан, фермерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип баштайт

Дыйкан, фермерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип баштайт. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, акчалар мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенгендерге 36 айга берилет. Ал эми үрөөнчүлүк, асыл тукум малдарды, канаттууларды, балык жана бал өндүрүүчүлөр насыяларды 60 айга ала алышат. Береселер 3 банк аркылуу жакынкы аралыкта… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектеги 2 миңден ашык керектөөчү жарыксыз калат

Бүгүн Бишкектеги 2 миңден ашык керектөөчү жарыксыз калат. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр дебитордук карыздар менен байланыштуу. Ордо каладагы абоненттердин жалпы бересеси 12 миллион сомдон ашты. Андан улам, керектөөчүлөр электр энергиясыз калбаш үчүн карыздарынан тез арада кутулушу керек