Окумуштуулар аялдардын психикасына терс таасир эткен атактууларды тизмектеди

Окумуштуулар аялдардын психикасына терс таасир эткен атактууларды тизмектеди. Биринчи орунга америкалык тележылдыз Ким Кардашьян чыкты. Андан кийин модель Кайли Женнер жана ырчы Бейонсе турат.

 

Адистер ыктыярчыларга Instagram тармагында көп катталуучусу бар 400 аялдын сүрөтүн көрсөтүп, аларды «толук келбеттүү», «арык» жана «чымыр денелүү» деп үч топко бөлүштү.

 

Кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү «толук келбеттүү» категориясындагы аялдардын сүрөтүн көргөндө өзүн ыңгайсыз сезерин айтышкан. Алар мындай аялдардын жанында өз дене боюна нааразы болушары аныкталды.