БШК ордо калаадагы эки округ боюнча кайра шайлоого 38 талапкерди каттады. Талапкерлердин күбөлүгү Биринчи май округу боюнча 17 адамга, ал эми Свердлов округу боюнча 21 адамга берилди.
Каттоо процедурасы 7-февралга чейин аяктайт. Андан кийин үгүт жүргүзүү иштери старт алат. Эске салсак, кайра шайлоо 27-февралда өтөт.