Дания коронавирус боюнча бардык чектөөлөрдү толугу менен алып салды

Дания коронавирус боюнча бардык чектөөлөрдү толугу менен алып салды. Бийлик ошондой эле медициналык беткаптардан жана кафелердеги чектөөлөрдөн баш тартты.

 

Беткап режими бир гана ооруканаларда сакталат. Дания эпидемиологиялык абал кандай болбосун, чектөөлөргө кайрадан кайтпай турган болду. Белгилеп кетсек, муну менен Дания Европадагы коронавирус чектөөлөрүнөн баш тарткан алгачкы өлкө болуп калды.