Маданият министрлиги Кыргызстанга 50 атактуу саякатчы блогерди алып келүү ниетинде. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, биздин өлкө тууралуу маалымат таратуу үчүн тревел-блогерлер туристтик потенциал менен жакындан таанышып кетет.
Белгилеп кетсек, министрлик быйыл туризм тармагына артыкчылык жасап, Ысык-Көлдө туристтик маалымат борборлорун ачып, туристтик объектилерге QR-коддор менен белги орнотууну пландап жатат.