Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт

Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев каражаттын суммасы жана багыты боюнча кененирээк айтып берет.

 

“Бул максатта Республикалык бюджеттен 321 миллион сом каралган. Бул ошол 28 миң киши эл каттоону жүргүзгөн адамдарга айлык түрүндө төлөнүп берилет. Андан тышкары, окутуу процесстери болот ар бир облустарда, аймактарда жана райондордо. Ушунун барына каражат сарпталат”

 

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан  3-апрелге чейин өтөт.