Бишкекте бардык аба чубалгыларын жер астынан өткөрүү пландалууда.
“Бишкек башкы архитектуранын” маалыматына ылайык, зымдарды жер алдынан өтүүчү телефон канализациясына кошуу маселеси ведомстводо талкууланды.
Учурга карата Манас проспектисинин Бөкөнбаев-Жибек Жолу бөлүгүндө жана Манас проспектисинен Ибраимов, Чүй, Киев жана Токтогул көчөлөрүнө чейинки тилкеде оптикалык линиялар өткөрүлдү. Жакынкы күндөрү кабель канализацияларын толук инвентаризациялоо пландалууда.