Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына техпаспорт берүү уланууда

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына техпаспорт берүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 1-февралга карата жалпысынан 1 миң 250дөн ашык документ берилди.

 

Арыздар Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Учкун жана Ак-Тилек конуштарынын тургундарынан кабыл алынууда.

 

Эске салсак, техпаспортторду берүү боюнча көчмө топтор ишин 7-декабрда баштаган.