Кыргызстанда алгачкы ирет өндүрүлгөн автобус сыноо үчүн чет өлкөгө жөнөтүлөт. Өндүрүүчү компаниядан билдиришкендей, жакынкы күндөрү транспорт лаборатордук-полигондук иликтөөдөн өткөрүлөт.
Андан ийгиликтүү өтсө, автобус көп санда өндүрүлүп баштайт. Эске салсак, Кыргызстанда чогултулган “Белес” автобусунун узундугу 12 метр, ал 35 орундук менен жабдылса, жалпысынан 115 жүргүнчүнү батыра алат.