Республика мектептеринде жазгы каникул 21-мартта башталат

Республика мектептеринде жазгы каникул 21-мартта башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, окуучулардын эс алуусу бул ирет 10 күнгө созулат. Муну менен балдар мектеп парталарына кайра 31-мартта кайтып келет. Андан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе ар жума сайын кошумча каникул белгиленет. Ал эми төртүнчү чейрек… Кененирээк…

Кыргызстандан Сауд Арабиясына алгачкы ирет чартердик каттам аткарылды

Кыргызстандан Сауд Арабиясына алгачкы ирет чартердик каттам аткарылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учактар Бишкектен Жидда шаарына февралда ар аптанын жекшембисинде учат. Ал эми айдын аягынан баштап аба каттамдардын санын жумасына 4кө чейин жеткирүү пландалууда.

Кыргызстан болгону 3 азык менен өзүн камсыздай алат

Кыргызстан болгону 3 азык менен өзүн камсыздай алат. Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, алар картөшкө, сүт жана жашылча. Ал эми социалдык жактан башка маанилүү азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот. Алсак,  буудайдын, кумшекердин жана жумуртканын жарымы, өсүмдүк майынын 80 пайызы сырттан импорттолот. Ошондой эле биздин өлкө ундун… Кененирээк…

Бишкекте эки округда кайра өтө турган шайлоого добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү “Тизме” порталына киргизилди

Бишкекте эки округда кайра өтө турган шайлоого добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү “Тизме” порталына киргизилди. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 200 миңден ашык адам катыша алат. Жарандар андан өздөрүн 16-февралга чейин такташы зарыл, каталар болсо өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Эске салсак, Биринчи май жана Свердлов окуругдарында кайра шайлоо… Кененирээк…

Казакстандын аймактары менен транспорттук байланышты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн Түп-Кеген унаа жолунун курулушу жазда башталат

Казакстандын аймактары менен транспорттук байланышты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн Түп-Кеген унаа жолунун курулушу жазда башталат. Бул тууралуу унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Жаңы жол ошондой эле Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт. Буга чейин грант жана насыя түрүндө Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 55 миллион долларга… Кененирээк…

Пекиндеги Олимпиада оюндарында медалдык эсеп боюнча Россия курмасы биринчи орунга чыкты

Пекиндеги Олимпиада оюндарында медалдык эсеп боюнча Россия курмасы биринчи орунга чыкты. Бул муз тебүүчүлөр командалык турнирде алтын медаль алгандан кийин мүмкүн болду. Муну менен Россиянын капчыгында эки алтын, эки күмүш жана эки коло бар. Медалдык эсепте экинчи катарда азырынча эки алтын жана бир коло менен… Кененирээк…

“Түндүк электр” электроэнергияны керектөө максималдуу чекке жеткен сааттарда керектөө режимин сактоого чакырат

“Түндүк электр” электроэнергияны керектөө максималдуу чекке жеткен сааттарда керектөө режимин сактоого чакырат. Электроэнергияны үнөмдөө авариялык өчүрүүлөрдү жана жабдууларды жарактан чыгарууну алдын алуу үчүн зарыл. Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, абоненттер эртең менен саат 7ден 10го чейин жана кечки саат 6дан 9га чейин электр жылычкычтарын колдонбой турушу керек.

Кыргызстан мектептеринде 900дөн ашык мугалим жетишсиз

Кыргызстан мектептеринде 900дөн ашык мугалим жетишсиз. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кардлардын курч жетишсиздиги Чүй облусунда байкалса, Ошто педагогдорго болгон муктаждык башкаралрга салыштырмалуу төмөн. Республика боюнча мугалимдер дээрлик бардык предметтер боюнча керектелет. Ведомстводон белгилешкендей, вакансиялар боюнча көрсөткүчтүн деңгээли күн сайын өзгөрүшү мүмкүн. Андан улам, министрликтин адам… Кененирээк…

Айыл-чарбасын колдоого республикалык бюджеттен 26 миллиард сом бөлүндү

Айыл-чарбасын колдоого республикалык бюджеттен 26 миллиард сом бөлүндү. Быйыл бөлүнгөн каражат жылдагыдан кадыресе көп жана жазгы сугат иштерине даярдыктар дагы эртерээк башталды,  -деп билдирди айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков. Анын айтымында, каражат айыл-чарба техникаларын лизингге алууга, үрөн, минералдык жер семирткичтерди сатып алууга жана суу чарбасын жакшыртууга… Кененирээк…

Баткен облусунда кырдаал туруктуу

Баткен облусунда кырдаал туруктуу. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чек арага жакын жайгашкан аймактарда биргелешкен кайгуул түзүлгөн. Ведомстводон белгилешкендей, чек арада январда катталган чыр чатактан улам айрым жарандар такталбаган билдирүүлөрдү соцтармактар аркылуу таратууда. Жалган маалыматтарды таратуу үчүн 50 миң сом… Кененирээк…