Айыл-чарбасын колдоого республикалык бюджеттен 26 миллиард сом бөлүндү.
Быйыл бөлүнгөн каражат жылдагыдан кадыресе көп жана жазгы сугат иштерине
даярдыктар дагы эртерээк башталды, -деп билдирди айыл-чарба министри
Аскарбек Жаныбеков. Анын айтымында, каражат айыл-чарба техникаларын
лизингге алууга, үрөн, минералдык жер семирткичтерди сатып
алууга жана суу чарбасын жакшыртууга багытталат.