Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого даярдыктар бүткүл өлкө аймагында кызуу жүрүүдө

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого даярдыктар бүткүл өлкө аймагында кызуу жүрүүдө. Учурда кандай иш-чаралар аткарылып жатканын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “Өкмөттүн токтому чыккан, ал жерде бардык иш-чаралар белгиленген. Ошол календарлык пландын негизинде республикалык комиссия түзүлгөн. Ал республикалык… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртуу боюнча лты документке кол коюлду

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртуу боюнча алты документке кол коюлду. Президент администрациясынан билдиришкендей, Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол кабыл алынды.   Эки өлкө маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум кабыл алды.… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,8 миллиард кубометрге төмөндөдү

7-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. 840 млн. метр кубду түздү. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 132 метр куб суу агып кирип, 456 метр куб суу агып чыгууда.   Былтыр март айынын аягында «Токтогулда» суунун көлөмү 8 млрд. метр… Кененирээк…

Бишкек көчөлөрүн кардан тазалоого “Тазалык” муниципалдык ишканасынын  32 техникасы тартылды

Бишкек көчөлөрүн кардан тазалоого “Тазалык” муниципалдык ишканасынын  32 техникасы тартылды. Мэриядан билдиришкендей, учурда ордо калаанын 133 көчөсү тазаланып, жолдорго туз себилип жатат.   Жалпысынан 26 кар тазалоочу унаа, бир кум чачуучу ЗИЛ, эки жүктөгүч жана төрт универсалдуу машине тартылды. Андан тышкары, 40 жолчу жана 628… Кененирээк…

Алматы шаарында бүгүнтөн тарта жогорку террористтик деңгээл алынды

Алматы шаарында бүгүнтөн тарта жогорку террористтик деңгээл алынды. Калаа бийлиги ошондой эле коменданттык саатты алууда. Ыкчам штабдан билдиришкендей, Алматыдан январдын башындагы башаламандыктардан кийин абал толугу менен турукташты.   Бирок атайын кызматтар жана тартип сакчылар күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

Кыргызстандын аймактарын ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарын ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда. Жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, учурда учактар Ош, Баткен жана Исфанага каттайт. Келечекте Бишкекке кирбестен, аба каттамдар менен аймактарды бирин-бири менен байланыштыруу пландалууда.   Бул максатта бийлик бир нече авиа компанияларды түзүү ниетинде.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мобилдик тобу Баткен жана Чүй облустарын кыдырып, жеринде кызмат көрсөтүүдө

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мобилдик тобу Баткен жана Чүй облустарын кыдырып, жеринде кызмат көрсөтүүдө. Ведомство маалыматына ылайык, калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 23-мартка чейин мобилдик топторду уюштурган.   Бул демилгенин максаты — мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана калкка… Кененирээк…

Кайра шайлоодо бюллетендердеги талапкерлердин катарын аныктоо боюнча чүчү кулак эртең, 8-февралда өтөт

Кайра шайлоодо бюллетендердеги талапкерлердин катарын аныктоо боюнча чүчү кулак эртең, 8-февралда өтөт.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан такташкандай, 10-февралга чейин комиссия бюллетендердин текстин жана формасын бекитет, андан кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлерге 100 миң сомдук күрөө акысы кайтарылбайт.   Кайра шайлоого катышууга 53… Кененирээк…

Жол инспекторлору айдоочуларга өзгөчө этият болууну сунуштайт

Жол инспекторлору айдоочуларга өзгөчө этият болууну сунуштайт.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан эскертишкендей, бүгүн жана эртең өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан, кар жаайт.   Бул өз кезегинде жолдордо муз тоңууга алып келет. Андыктан, айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү кажет.

Кыргызстанда ар бир жаран 10 бак отургузууга милдеттендирилет

Кыргызстанда ар бир жаран 10 бак отургузууга милдеттендирилет.   Өлкө бийлиги “Жашыл Кыргызстан” мамлекеттик программасын иштеп чыгууда, анда ар бир жаран 10дон кем эмес бак тигиши керек деген талап бар.   Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында,… Кененирээк…