Казакстандын аймактары менен транспорттук байланышты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн
Түп-Кеген унаа жолунун курулушу жазда башталат. Бул тууралуу унаа жана жолдор
министрлигинен билдиришти. Жаңы жол ошондой эле Ысык-Көл облусунда туризмди
өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт. Буга чейин грант жана насыя түрүндө Дүйнөлүк банк
тарабынан бөлүнгөн 55 миллион долларга Тюптү “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү түйүнү менен
байланыштырган 55 чакырым трасса салынат. Ошондой эле жол жээгиндеги
объектилер жана “Сан-Таш” эскелигине кире турган жол курулат.