Кыргызстан болгону 3 азык менен өзүн камсыздай алат

Кыргызстан болгону 3 азык менен өзүн камсыздай алат.

Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, алар картөшкө, сүт жана

жашылча. Ал эми социалдык жактан башка маанилүү азык-түлүктүн көбү сырттан

импорттолот. Алсак,  буудайдын, кумшекердин жана жумуртканын жарымы,

өсүмдүк майынын 80 пайызы сырттан импорттолот. Ошондой эле биздин өлкө

ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат. Белгилеп кетсек,

былтыр сугат суунун тартыштыгынан улам буудайдын жана

арпанын жыйымы 50 пайызга азайган.