Республика мектептеринде жазгы каникул 21-мартта башталат.
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, окуучулардын эс алуусу
бул ирет 10 күнгө созулат. Муну менен балдар мектеп парталарына кайра 31-мартта
кайтып келет. Андан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе ар жума
сайын кошумча каникул белгиленет. Ал эми төртүнчү чейрек өлкө боюнча 8-июнда
аяктайт. Эске салсак, республикада быйылкы окуу жылы
эпидемиологиялык кырдаалдан улам 15-сентябрда башталды.