Пекиндеги Олимпиада оюндарында медалдык эсеп боюнча Россия курмасы биринчи орунга чыкты

Пекиндеги Олимпиада оюндарында медалдык эсеп боюнча Россия курмасы биринчи орунга чыкты.

Бул муз тебүүчүлөр командалык турнирде алтын медаль алгандан кийин мүмкүн болду.

Муну менен Россиянын капчыгында эки алтын, эки күмүш жана эки коло бар. Медалдык

эсепте экинчи катарда азырынча эки алтын жана бир коло менен Норвегия турат.

Үчүнчүдө эки алтын медаль менен Швеция келе жатат.