Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатуу акысын 30-50 миң сомдун тегерегинде орнотуу пландалууда

Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатуу акысын 30-50 миң сомдун тегерегинде орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Ал тактагандай, уруксат кагазы 1 жылга берилет. Коопсуздук максатында, терезелери караңгылатылган унаалар CarChek порталына киргизилет. Мыйзам долбоорунун максаты — легалдаштыруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу.

Өлкөдө 1-апрелден тарта бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөт

Өлкөдө 1-апрелден тарта бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Түндүк РЭСтин ачылышында билдирди.   Өлкө башчынын айтымында, мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлыгын көтөрүү пландалып жатат. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинен быйыл пенсия менен жөлөк пул 50 пайызга өсө турганын билдиришкен.

Клиникалык тез жардам ооруканасын Дамир Дүйшөнов башкарат

Клиникалык тез жардам ооруканасын башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеме документ иштери даяр болгонго чейин директордун милдетин аткаруучу болуп буга чейин Гулия Кожокматова дайындалганын билдирди. Бирок Травматология жана ортопедия илимий борборунун аты өзгөртүлүп, Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп иштей… Кененирээк…