Өлкөдө 1-апрелден тарта бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөт

Өлкөдө 1-апрелден тарта бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Түндүк РЭСтин ачылышында билдирди.

 

Өлкө башчынын айтымында, мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлыгын көтөрүү пландалып жатат. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинен быйыл пенсия менен жөлөк пул 50 пайызга өсө турганын билдиришкен.