Калк жана турак-жай фондун каттоонун расмий жыйынтыгын чыгарууга 1 жылдан ашык талап кылынат

Калк жана турак-жай фондун каттоонун расмий жыйынтыгын чыгарууга 1 жылдан ашык талап кылынат. Бул тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “Биз жыйынтыгын 2023-жылдын аягына чейин чыгарышыбыз керек. Биздин серверге келип түшкөн 6 миллион 738 миң адам калкыбыз бар… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 768 миллион куб метрди түздү

9-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 768 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.   Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 145 метр куб, агып чыгышы 562 метр кубду түзүүдө. Былтыр, 2021-жылдын 2-февралында… Кененирээк…

Израилде эркек лотереядан 25 миллион доллар утуп алды

Израилде эркек лотереядан 25 миллион доллар утуп алды. Ал өзү билдиргендей, джекпот ири суммада болгондуктан, өмүрүндө биринчи ирет лотерея билетин сатып алган.   Ал утушка ээ болуп, капысынан миллионер болгонун билгенден кийин аялы экөө түнү менен уктабай, акчаны кайда жумшай турганын ойлонуп жатышкан. Биринчи кезекте… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоо көп тармактарга таасир тийгизген процедура болуп эсептелет

Кыргызстан калкын каттоо көп тармактарга таасир тийгизген процедура болуп эсептелет. Анын маанилүүлүгү тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “Эң чоң максат – Кыргызстан канча калкы бар экенин билиши керек. Экинчи максат – бул ошол калкыбыз кандай абалда? Канча… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жакында жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жакында жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар фон режиминде эле үн билдирүүлөрдү уга алат.   Күтүлгөндөй, бул башкы менюга чыкканда же бир чаттан экинчи чатка өткөндө үн билдирүүлөрдү тынымсыз угууну улантууга мүмкүнчүлүк берет.   Андан тышкары, үн билдирүүнү жазып жаткан колдонуучу аны паузага… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы республиканы бүтүндөй камтыйт

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы республиканы бүтүндөй камтыйт.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, камералар Бишкек-Каракол, Бишкек-Нарын-Торугарт, Кара-Балта – Жалал-Абад, Жалал-Абад – Өзгөн – Ош, Ош – Сары-Таш – Иркештам, Суусамыр – Талас – Тараз, Ош – Баткен – Исфана унаа жолдорунда орнотулат.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда 62 айылда салыктын өзгөчө режими киргизилет

Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда 62 айылда салыктын өзгөчө режими киргизилет. Ага ылайык, бул жердеги ишкерлик субъектилер жеңилдиктерди алышат, — деп билдиришти Экономика министрлигинен.   Алсак, киреше салыгы 5 пайызга төмөндөтүлөт, ал эми сатуулардагы салыктан ишкерлер толугу менен бошотулат. Ведомстводон эске салышкандай, облуста… Кененирээк…

Олимпиада оюндарында нидерланддык спортчу рекорд жаратты

Олимпиада оюндарында нидерланддык спортчу рекорд жаратты. Ирен Вюст Пекинде өтүп жаткан дүйнөлүк оюндарда 1 миң 500 метрге коньки тебүүдө алтын медаль утуп алды.   Муну менен ал 5 кышкы Олимпиадада алтын уткан тарыхтагы алгачкы аял спортчусу болду. Ал буга чейин Туринде, Ванкуверде, Сочиде жана Пхенчканда… Кененирээк…

Шарджа – Ош түз аба каттамы ачылат

Шарджа – Ош түз аба каттамы ачылат. Бириккен Араб Эмирлигин түштүк калаа менен байланыштырган рейс 20-февралдан тарта аткарылат.   Учактар Шарджадан аптасына эки ирет – жума жана жекшемби күндөрү келсе, кайра Ош аэропортунан дүйшөмбү жана жекшемби күндөрү учуп кетсе болот.

Кыргызстандын Россиядагы элчисинин ишеним телефону түзүлдү

  Кыргызстандын Россиядагы элчисинин ишеним телефону түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Мунун негизги максаты — оор турмуштук кырдаалга туш болгон кыргызстандык аялдар жана жаш балдарга укуктук, консулдук колдоо көрсөтүү.   Жардамга муктаж болгондор +7 (996) 665 – 76 – 88 номери аркылуу күнү-түнү… Кененирээк…