Netflix жана TikTok компаниялары Россиядагы кызматтарынын көбүн токтотту

Netflix жана TikTok компаниялары Россиядагы кызматтарынын көбүн токтотту. TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди.   Ал эми катталуучуларга кино, сериал, видео программаларды сунуштаган Netflix Россиядагы ишмердигин токтотконун жарыялаганы менен анын чоо-жайын так билдирген жок.

«Манас» эл аралык аэропортуна Монголиядан алгачкы каттам конду

«Манас» эл аралык аэропортуна Монголиядан алгачкы каттам конду. 6-мартта Бишкек-Улан-Батор багытындагы үзгүлтүксүз каттам ишке кирди. Биринчи учак менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти.   Эми бул багыт ар жекшембиде аткарылат. Ошондой эле 6-мартта Ош шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына биринчи каттам уюштурулду. Анда… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Шопоков, Байтик Баатыр, Москва, Ахунбаев, Садырбаев, Осмонов көчөлөрүндө жана 6-кичи райондо, Бакая-Ата, Ак-Тилек, Арча-Бешик конуштарында жарык болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте шып ураган №31 бала бакчанын имараты толук оңдоодон өтөт

Бишкекте шып ураган №31 бала бакчанын имараты толук оңдоодон өтөт. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин шыбы ураган.   Каргаша түндө болгондуктан, жабыркагандар болгон эмес. Тиешелүү документтер даярдалып, жыл аягына чейин бала бакчада капиталдык оңдоо иштери аткарылат.

Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот

Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот. Эмгек башкармалыгынын маалыматына ылайык, эртең, 8-мартта Эл аралык аялдар күнү белгиленет, адатта, майрамдын алдында жумуш күн 1 саатка кыскарат.   Белгилеп кетсек, быйыл эс алуу күндөрүн оптималдаштыруу максатында майрам жылдырылган жок. Бүгүн 7-март, дүйшөмбү кадимки иш күнү… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлиги жол курулуш тармагында 11 долбоорду ишке ашыруу ниетинде

Унаа жана жолдор министрлиги жол курулуш тармагында 11 долбоорду ишке ашыруу ниетинде. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорлор эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен 10 миллион 141 миң сомго аткарылууда.   Курулуш иштери учурда Түндүк-түштүк альтернативалык трассасында, Бишкек-Ош-Исфана, Түп-Кеген жана Талас-Тараз унаа… Кененирээк…

Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдиргендей, Львов шаарынан дагы 35 мекендеш Польшага жеткирилди.   Дипломатиялык өкүлчүлүк Украинадан чыгып кетүүнү каалагандардын тизмесин түзүүнү улантууда.