Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот

Кыргызстанда бүгүн иш күнү 1 саатка кыска болот. Эмгек башкармалыгынын маалыматына ылайык, эртең, 8-мартта Эл аралык аялдар күнү белгиленет, адатта, майрамдын алдында жумуш күн 1 саатка кыскарат.

 

Белгилеп кетсек, быйыл эс алуу күндөрүн оптималдаштыруу максатында майрам жылдырылган жок. Бүгүн 7-март, дүйшөмбү кадимки иш күнү болот.

 

Эртең эс алуу жарыяланат, жумушка кыргызстандыктар, кайрадан 9-март, шаршембиде чыгышат.