Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдиргендей, Львов шаарынан дагы 35 мекендеш Польшага жеткирилди.
Дипломатиялык өкүлчүлүк Украинадан чыгып кетүүнү каалагандардын тизмесин түзүүнү улантууда.