Netflix жана TikTok компаниялары Россиядагы кызматтарынын көбүн токтотту

Netflix жана TikTok компаниялары Россиядагы кызматтарынын көбүн токтотту. TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди.

 

Ал эми катталуучуларга кино, сериал, видео программаларды сунуштаган Netflix Россиядагы ишмердигин токтотконун жарыялаганы менен анын чоо-жайын так билдирген жок.