Унаа жана жолдор министрлиги жол курулуш тармагында 11 долбоорду ишке ашыруу ниетинде

Унаа жана жолдор министрлиги жол курулуш тармагында 11 долбоорду ишке ашыруу ниетинде. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорлор эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен 10 миллион 141 миң сомго аткарылууда.

 

Курулуш иштери учурда Түндүк-түштүк альтернативалык трассасында, Бишкек-Ош-Исфана, Түп-Кеген жана Талас-Тараз унаа жолдорунда жүрүүдө. Калыбына келтириле турган тилкелердин жалпы узундугу дээрлик 150 чакырымга жетет.