«Манас» эл аралык аэропортуна Монголиядан алгачкы каттам конду

«Манас» эл аралык аэропортуна Монголиядан алгачкы каттам конду. 6-мартта Бишкек-Улан-Батор багытындагы үзгүлтүксүз каттам ишке кирди. Биринчи учак менен

95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти.

 

Эми бул багыт ар жекшембиде аткарылат. Ошондой эле 6-мартта Ош шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына биринчи каттам уюштурулду. Анда 138 жүргүнчү учуп кетти.