Узак жашоо үчүн көп басыш керек

Узак жашоо үчүн көп басыш керек. Мындай тыянакка АКШнын Массачусетс университетинин окумуштуулары келди. Адистер иликтөөнүн жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөгү 18 жаштан жогору 50 миң адамдын маалыматын анализдеген.   Катышуучулар 4 тайпага бөлүнүп, алар күнүнө 3,5 миң, 5 миң, 7 миң жана 10 миң кадам басышкан.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын толук курсунан 1 миллион 1890 миң адам өттү

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын толук курсунан 1 миллион 1890 миң адам өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи дозаны 1 миллион 4563 адам алса, бустердик доза менен дээрлик 130 миң киши эмделди.   Эске салсак, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы өткөн жылы мартта старт… Кененирээк…

Украинадагы кыргызстандыктар Түркия аркылуу мекенине келе жатат

Украинадагы кыргызстандыктар Түркия аркылуу мекенине келе жатат. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, Молдова-Румыния-Болгария каттамы менен чыгарылган мекендештер учурда Түркиянын чек арасынан өттү.   Дагы 25 адам автобус менен Молдовадан чыкты. Эвакуациялоо уланат, — деди элчи.   Тышкы иштер министрлигинин… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында 10-мартта таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 10-мартта таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында жок болот.   Бул бир гана турак-жайларга эмес, социалдык объектилерге дагы тиешелүү. Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы жана тармактардагы оңдоо… Кененирээк…

Кыргызстанда 1 жумада эле 19 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада республика боюнча 19 миң 814 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Анын ичинен: — айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 3139; — тиешелүү документтери жок унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 45; —… Кененирээк…

Бишкектин конуштарындагы өз билемдикке салынган үйлөрдүн тургундары эми жеринен каттоодон өтсө болот

Бишкектин конуштарындагы өз билемдикке салынган үйлөрдүн тургундары эми жеринен каттоодон өтсө болот. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбековдун айтымында, бул калкты каттоо борборлорундагы чоң кезектерди жоюуга шарт түзөт.   Жаңы конуштардын тейлөө үчүн атайын көчмө топтор иштейт. Биринчи топ Жер-Ынтымагы конушуна 9-мартта барат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы окуу жылына карата 8 колледж оңдолот

Кыргызстанда жаңы окуу жылына карата 8 колледж оңдолот. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, имараттарда окуу класстары, лабораториялар, педагогдордун кабинеттери, ашкана, жатакана жаңыланууда.   Иштер Азиялык өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүрүүдө.

Украинадагы качкындардын саны бир жарым миллионго жетет

Украинадагы согуштан качып бозгунга айланган адамдардын саны 6-мартка карай бир жарым миллионго жетери күтүлүүдө. Өлкөдөн чыгып кеткендер Румыния, Польша, Словакия, Чехияда баш пааналашса, он миңдеген киши Украинанын ичинде жер которууга аргасыз болду. Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги июлга чейин бозгундардын саны 4 миллионго жетиши мүмкүн деп… Кененирээк…

Чүй облусунун айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет

Чүй облусунун айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Ленинское, Аламүдүн, Байтик, Сокулук, Фрунзе, Люксембург, Чүй айылдарында, Кант, Токмок, Орловка шаарларында жарык жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ордо калаада жалпы ишембиликке 13,5 миңге жакын адам катышты

Ордо калаада жалпы ишембиликке 13,5 миңге жакын адам катышты. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жыйнап-тазалоо иштерине жалпысынан 713 уюм жана 28 атайын техника тартылды.   Андан тышкары, ишембилик учурунда 427 ийне жалбырактуу көчөт тигилди.