Ошто быйыл гүлдөрдүн 30 түрү тигилет

Ошто быйыл гүлдөрдүн 30 түрү тигилет.   Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, эгүү иштери апрелдин ортолорунда башталат. 1,5 миллиондон ашык гүлдөр шаардагы парктарды, скверлерди жана борбордук көчөлөрдүн көркүн чыгарат.

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик теңелди

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик теңелди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-январына карата республикада жалпысынан 6 миллион 800 миң адам жашайт, анын 50,4 пайызын аялдар түзөт.   Ошондой эле, аялдардын жашоо узактыгы 8 жылга көп. Статистика көрсөткөндөй, соңку жылдары өлкөдө эркек балдар… Кененирээк…

Кыргызстандагы жеке медициналык колледждер текшерилет

Кыргызстандагы жеке медициналык колледждер текшерилет. “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул жаатта иштер февралда башталган медициналык жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин башталат.   Белгилеп кетсек, текшерүүлөр 15-мартка чейин аяктап, андан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Өзгөчө көңүл медициналык окуу жайлардын клиникалык базасына жасалууда.

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтышы күтүлбөйт

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтышы күтүлбөйт. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, кыргызстандыктар Россиянын эмгек рыногунда белгилүү бир позицияны ээлешет.   Бирок, мигранттар кайтып келсе, бийлик алардын бардыгын иш менен камсыз кыла албайт. Андыктан, учурда жарандарды ишке орноштуруу боюнча башка жолдор изделип жатат. Алсак,… Кененирээк…

Россиядан ЕАЭБ мамлекеттерине ун, кумшекер чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Россиядан ЕАЭБ мамлекеттерине ун, кумшекер чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимди аталган өлкөнүн Экономиканы өнүктүрүү министрлиги кабыл алганын РИА Новости жазды.   Ага ылайык, бул чечим 2022-жылдын   31-августуна чейин күчүндө болуп, Россиядан буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекер алып чыгууга бөгөт коюлду.  Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кезектеги интервенция

Доллар курсунун серпилүүсү Улуттук банкты интервенция менен валюта рыногуна чыгууга аргасыз кылды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жазылгандай, кечээ жалпысынан 59 миллион доллар сатылды.   Буга чейин 4-мартта эле 55 миллион доллар чыгарылган. Бирок каржылык операциялар майнап бере элек. Учурда өлкөдө америкалык валютанын куну 106… Кененирээк…