Россиядагы кыргызстандык мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтышы күтүлбөйт

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтышы күтүлбөйт. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, кыргызстандыктар Россиянын эмгек рыногунда белгилүү бир позицияны ээлешет.

 

Бирок, мигранттар кайтып келсе, бийлик алардын бардыгын иш менен камсыз кыла албайт. Андыктан, учурда жарандарды ишке орноштуруу боюнча башка жолдор изделип жатат. Алсак, Корея жана Түркия менен визалык режимди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, — деди Амангелдиев.