Кезектеги интервенция

Доллар курсунун серпилүүсү Улуттук банкты интервенция менен валюта рыногуна чыгууга аргасыз кылды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жазылгандай, кечээ жалпысынан 59 миллион доллар сатылды.

 

Буга чейин 4-мартта эле 55 миллион доллар чыгарылган. Бирок каржылык операциялар майнап бере элек. Учурда өлкөдө америкалык валютанын куну 106 сомго жетти, ал эми Улуттук банк орноткон расмий курс – 103 сом. Муну менен доллар акыркы 2 жумада 22 сомго секирик жасады.