Кыргызстанда 100дөн ашык тестирлөө борбору ачылат

Кыргызстанда 100дөн ашык тестирлөө борбору ачылат. Бул тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Биз болжолдуу түрдө 120нын чамасында деп айтабыз. Бул каттоодон кийин билинет, канча тест борбору ачылат. Анткени, каттоо жүрүп жаткан учурда катталган абитуриенттердин санына… Кененирээк…

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ аталган трассанын Чоң-Сай тилкесинде көлөмү 400 миң кубометрге жеткен кар көчкү түшкөн.   Жолчулар карды тазалап, учурда унаалар бир тараптуу өткөрүлүп жатат.

Жыл башынан бери АКШ долларынын расмий курсу сомго карата 21,61 пайызга өстү

Жыл башынан бери АКШ долларынын расмий курсу сомго карата 21,61 пайызга өстү. Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Эгер январда америкалык валюта 84 сом 80 тыйындан сатылып келсе, бүгүнкү күндө анын расмий куну – 103 сом 12 тыйын.   Акыркы бир күндө эле доллар 5,5… Кененирээк…

Украинадан жалпысынан 559 кыргызстандык эвакуацияланды

Украинадан жалпысынан 559 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, консулдук каттоого 680 жаран турган. Бирок, жардамга кайрылгандардын саны күн сайын өсүүдө.   Учурда Украинанын аймагында жагы 93 кыргызстандык бар. Эске салсак, мекендештер дипломатиялык өкүлчүлүктүн жардамы менен Украинага чектеш… Кененирээк…

Россия өкмөтү аймагындагы ишин токтоткон чет элдик компанияларды улутташтыруу ниетинде

Россия өкмөтү аймагындагы ишин токтоткон чет элдик компанияларды улутташтыруу ниетинде.   «Известияга»  «Коомдук керектөө демилгеси» уюмунун жетекчиси Олег Павлов билдиргендей, россиялык керектөөчүлөргө кепилдик бербестен рыноктон кетүүнү жарыялаган компаниялар тизмеге киргизилет жана аларга карата административдик, кылмыш жана соттук процедуралар колдонулат.   Учурда тизмеде  Volkswagen, Apple, IKEA,… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын кезектеги ок атышуусу орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Эски-Таш аймагындагы Баткен-Исфана авто жолунун боюнда Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды ташбараңга алган.   «Кыргызстандын… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Абдрахманов, Тыныстанов, Мичурин, Эркиндик, Лев Толстой, Матыев көчөлөрүндө, 6-кичи райондо, Кызыл куруучу жаңы конушунда жана Орто-Сай айылында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кар көчкү түшкөндүктөн, жабылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолу кар көчкү түшкөндүктөн, жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кечээ трассанын 71-75-чакырымдарына көлөмү 39 миң кубометрден ашкан кар көчкү түштү. Жабыркагандар жок. Жол тазалангандан кийин трасса кыймылга ачылат.

“Аэрофлот” Россиядан Кыргызстанга каттамдарын кийинки жумадан тарта жандантат

“Аэрофлот” Россиядан Кыргызстанга каттамдарын кийинки жумадан тарта жандантат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Унаа жана жолдор министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.   Анын айтымында, ошондой эле, Россия менен темир жол аркылуу жүргүнчү ташуу каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Пандемия учурунда темир жол каттам… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 15-мартка чейин өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын табы кескин төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Аба-ырайынын мындай туруксуз шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат.