Россиядан ЕАЭБ мамлекеттерине ун, кумшекер чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимди аталган өлкөнүн Экономиканы өнүктүрүү министрлиги кабыл алганын РИА Новости жазды.
Ага ылайык, бул чечим 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болуп, Россиядан буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекер алып чыгууга бөгөт коюлду. Белгилеп кетсек, Кыргызстанга аталган азыктардын басымдуу бөлүгү Россиядан экспорттолот.