Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысын куруу уланууда

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысын тартуу уланууда. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин созулат. Ишке 84 атайын техника жана эки жүздөн ашык адистер тартылган. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкек мэриясы жарандардан унааны дарактардын жанына калтырбоону өтүнөт

Бишкек мэриясы жарандардан унааны дарактардын жанына калтырбоону өтүнөт. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбор калаада нымдуу кар бак-дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизүүдө. Мындан улам, айдоочулардан жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоо сунушталат.

Бишкектин айрым аймактарында эртең жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр электр тармактарын пландуу тейлөөгө байланыштуу. Электр энергиясы ордо калаанын 20дай көчөсүндө, “Арча Бешик”, “Көлмө” жаңы конуштарында, 6-кичи райондогу №2чи үйдө эртен мененки саат 9дан 6га чейин жок болот.

“Сосновка” түйүнүндө оор жүк ташыган унааларга кайрадан чектөө киргизилди

Ош-Бишкек унаа жолунун “Сосновка” түйүнүндө оор жүк ташыган унааларга кайрадан чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим бүгүн түшкү саат 12де кабыл алынды. Оор жүк ташыган айдоочулар үчүн жол эртең менеки саат 8де ачылган. Бирок алар ашууда тыгын пайда кылышты, — деп… Кененирээк…

Бүгүнкү күнгө карата 200 миңден ашык адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Бүгүнкү күнгө карата 200 миңден ашык адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен 49 миң 333 юридикалык жак, 72 миң 951 жеке ишкер, 37 миң 527 жеке жак, 9 миң 276 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 32 миң… Кененирээк…

Өгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа менен камсыздалды

Өгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа менен камсыздалды. Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, техниканы Дүйнөлүк банк каржылап, “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында алынды. Эске салсак, өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы Кыргызстанга былтыр декабрда келген.

Кыргызстанда суук аба-ырайы марттын аягына чейин кармалат

Кыргызстанда суук аба-ырайы марттын аягына чейин кармалат.   Апрелдин алгачкы жумасы дагы салкын болот, — дешти синоптиктер. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мартта жаан, кардын жаашы жат көрүнүш эмес.   Тескерисинче, өрөөндүү аймактарда жаан-чачындын мол болушу жакшы жышаан. Адистер белгилешкендей, кар апрелде деле жаашы мүмкүн.

Жалпы республикалык тестирлөөдө максималдуу упай – 245

Жалпы республикалык тестирлөөдө максималдуу упай – 245. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Тесттен максималдуу түрдө ала турган упай бул 245. Максималдуу предметтик тесттер боюнча 150 упай. Бардык абитуриенттер  тест тапшыргандан кийин, ким канча балл алды, канча… Кененирээк…

Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майын өлкөгө киргизүү кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майын өлкөгө киргизүү кошумча нарк салыгынан бошотулду. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды. Мындай жеңилдик 1-апрелден 31-декабрга чейин күчүндө болот.   Белгилеп кетсек, Россия кумшекер жана суу майды экспорттоого убактылуу тыюу салгандан кийин өлкөдө аталган азыктардын баасы кескин көтөрүлүп, жетишсиздик пайда… Кененирээк…

Бишкек көчөлөрү кардан тазаланып жатат

Бишкек көчөлөрү кардан тазаланып жатат. Жолдорду жана тротуарларды тазалоого 25 атайын техника, 30 жолчу жана 630 көчө шыпыруучу кызматкер чыгарылды.   Белгилеп кетсек, ордо калаа тургундары карды тазалоо боюнча арыздары менен мэриянын 1840 жана 1850 кыска номерлерине кайрылса болот.