Жол инспекторлору айдоочуларды алдыңкы күндөрү өзгөчө этият болууа чакырат

Жол инспекторлору айдоочуларды алдыңкы күндөрү өзгөчө этият болууа чакырат. Бүгүн кечке чейин суук болуп, кар жаайт. Бул өз кезегинде жолдордо муз  тоңууга алып келет.   Андыктан, инспекторлор аба-ырайынын шарттарына карат, коопсуз аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүүнү сунуштайт. Ошондой эле жол эрежелерине баш ийүү керек.

Чүй облусунда 1 жума ичинде эле 4 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Чүй облусунда 1 жума ичинде эле 4 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алардын көбү ылдамдыкты жогорулатууга байланыштуу – 1 миң 615 учур. 69 айдоочу унаасын мас абалында башкарып кармалса, 122 транспорт айып токтотмого жеткирилди.

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Трассанын 80-чакырымынан 197-чакырымына чейинки тилкесинде кар жаап, жолчулар тынбай иштеп жатат. Инерттүү материал тынымсыз себилүүдө. “Сосновка” түйүнү аркылуу транспорттун бардык түрү тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат.

Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы бүгүн чыгарылат

Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы бүгүн чыгарылат. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, комиссия мүчөлөрү отурумга чогулат.   Добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча прокуратура соңку жыйынтыкты жарыялайт. Эске салсак, Свердлов округундагы кайра шайлоодо жеңишке жеткен талапкердин добуш сатып алгандыгы аныкталып, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.… Кененирээк…

Бишкектин Айтматов, Гагарин, Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүктөгү үйлөр түрттүрүлбөйт

Бишкектин Айтматов, Гагарин, Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүктөгү үйлөр түрттүрүлбөйт. Буга “Бишкек башкы архитектуранын” басма-сөз кызматынан ишендиришти.   Белгилеп кетсек, соңку күндөрү интернетте аталган аймактагы турак-жайлар 1-2 жылдын ичинде түрттүрүлүп, ал эми ээлерине жаңы үйлөрдөн батирлер берилет деген билдирүүлөр тарап жатат. Мекемеден белгилешкендей, бул… Кененирээк…

Лионель Месси, Неймар жана Килиан Мбаппенин “ПСЖдагы” айлыгы белгилүү болду

Лионель Месси, Неймар жана Килиан Мбаппенин “ПСЖдагы” айлыгы белгилүү болду. Лиганын эң кирешелүү оюнчуларынын рейтингин француз басылмаларынын бири жарыялады. Ага ылайык, барынан көп Неймар алат – айына 4 миллион евро.   Экинчи орунда Месси турат – анын маянасы 3 миллион евродон ашат жана үчилтикти жаш… Кененирээк…

Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык түйүн ачылды

Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык түйүн ачылды. Мэриядан билдиришкендей, алар ордо калаанын 4 районунда жайгашат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-мартта старт алып, 3-апрелге чейин уланат.   Акыркы жолу Бишкек тургундары 2009-жылы каттоого алынган. Бул ирет процесстин башкы артыкчылыгы – маалымат… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көчмө топтору Ош жана Жалал-Абад облустарына жөнөтүлдү

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көчмө топтору Ош жана Жалал-Абад облустарына жөнөтүлдү.   Адистер жарандарга жеринен кызмат көрсөтөт. Эки аймактын тургундары паспорт же пособие алууга, жашаган жеринде каттоого турууга документтерди жана биометрикалык маалыматын тапшыра алат. Андан тышкары, адистер жарандарга ар кандай маселелер боюнча кеңеш берет.   Көчмө… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлиги унаалардын салмагын көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү ниетинде

Унаа жана жолдор министрлиги унаалардын салмагын көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү ниетинде.   Ведомстводон билдиришкендей, жаңычылдык “Коопсуз шаар” долбоору сыяктуу иштейт – эгер транспорттун салмагы нормадан жогору болсо, анда анын ээсине протокол жөнөтүлөт. Эске салсак, өлкөнүн жолдорунда жүргөн унаалар үчүн эң жогорку салмак чени орнотулган.  … Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Карасаев, Элебесов, Исанов, Кулиев, Интергельпо көчөлөрүндө, Чалбай, Кайынды, Көлмө, Ак-Өргө конуштарында жана Пригородное, Кой-Таш, Маевка, Аламүдүн, Жаңы-Жер, Ак-Башат айылдарында, Кант, Кара-Балта шаарларында жок болот.   Убактылуу… Кененирээк…