CASA-1000 долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашаган 220 адамга компенсация төлөндү

CASA-1000 долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашаган 220 адамга компенсация төлөндү. Бизге “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, алар долбоордун таасири астында калгандар. Белгилеп кетсек, CASA-1000 — Кыргызстан, Тажикстан Афганистан жана Пакистан ишке ашырып жаткан коммерциялык энергетикалык долбоор. Ал эл аралык банктар тарабынан… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар бир күндө 4 сомго арзандады

Кыргызстанда доллар бир күндө 4 сомго арзандады. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда валютаны сатып алуу курсу 85-86 сомдон, сатуу 87 сомдон болууда. Кечээ эле АКШ валютасын сатуу курсу 89 сом болчу. Коммерциялык банктарда сатып алуу курсу — 1 доллар үчүн 84-85 сомго чейин болууда. Ал эми Улуттук банктын… Кененирээк…

CASA-1000 долбоорунун алкагында 14 тургун көчүрүлөт

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр берүү чубалгысынын курулушунун каттамына жакын жайгашкан 14 тургун көчүрүлөт. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, алар санитардык зонадан тышкары жайгаштырылат. Талапка ылайык, мамылардан турак жай имараттарына чейинки коопсуз аралык 30 метрди түзөт. Белгилеп кетсек, CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумун Түштүк Азия… Кененирээк…

Жети-Өгүздө 4 миңге жакын үй-бүлөгө акысыз ун таратылды

Жети-Өгүздө 4 миңге жакын үй-бүлөгө акысыз ун таратылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, жардам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан берилди. Ун район боюнча аз камсыз 3768 түтүнгө 1 каптан берилди.

“Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында жалпысынан 1,4 млрд сомго дээрлик 3 миң насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында жалпысынан 1 миллиард 400 миң сомго дээрлик 3 миң насыя берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, кредитти 3 категория боюнча, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы менен алектенгендер алды.

Өлкөдө 4 миңдей адам кооптуу жерлерде жашап жатат

Өлкөдө 4 миңдей адам кооптуу жерлерде жашап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кошумчалашкандай, жаратылыш кырсыгы болушу ыктымал кооптуу аймактарда 3 миңдей турак жай бар. Ведомстводон белгилешкендей, алдыда сел, жер көчкү, суу ташкыны жана өрт пайда болушу ыктымал жерлерде кырсыктын алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга дээрлик 500 миллион доллар бөлүнөт

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга дээрлик 500 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кечээ президенттик аппараттын жыйынында билдирди. Жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу башталат. Финансылык каражаттар бар. Каржы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 миллион доллар мобилизациялайт. Бул бизге кошумча 1000 МВт берет… Кененирээк…

Таласта биринчи жолу кийим тиккен цех курулат

Таласта биринчи жолу кийим тиккен цех курулат. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, ишкана 1500-2000 тигүүчүнү иш менен камсыз кылат. Курулушу жакында баштала турган цех боюнча учурда инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстандагы бардык мал базарлар ирээтке келтирилип, асфальт төшөлөт

Кыргызстандагы бардык мал базарлар ирээтке келтирилип, асфальт төшөлөт. Тиешелүү тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын аппараттык кеңешмесинде берди. Мал базарларда жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул республиканын бардык мал базарларына… Кененирээк…

Өлкө экономикасына 500 миң доллар салым кошкон чет элдиктерге жарандык берүү сунушталды

Өлкө экономикасына 500 миң доллар салым кошкон чет элдиктерге жарандык берүү сунушталды. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште демилгеленди. Документте белгиленгендей, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар кыргыз жарандыгын алуу үчүн жумшай турган инвестициянын көлөмүн ар бир облус боюнча Министрлер кабинети өзүнчө аныктайт. Кошумчаласак, инвестиция… Кененирээк…