Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга дээрлик 500 миллион доллар бөлүнөт.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кечээ президенттик аппараттын жыйынында билдирди.
Жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу башталат.
Финансылык каражаттар бар. Каржы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 миллион доллар мобилизациялайт.
Бул бизге кошумча 1000 МВт берет жана өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт», — деди Жапаров.
Белгилеп кетсек, аталган ГЭС Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашат.