CASA-1000 долбоорунун алкагында 14 тургун көчүрүлөт

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр берүү чубалгысынын курулушунун каттамына жакын жайгашкан 14 тургун көчүрүлөт.

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, алар санитардык зонадан тышкары жайгаштырылат.

Талапка ылайык, мамылардан турак жай имараттарына чейинки коопсуз аралык 30 метрди түзөт.

Белгилеп кетсек, CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумун Түштүк Азия менен байланыштырат.

Кыргызстан инфраструктуранын курулушун 2021-жылы баштаган.

Учурда курулуш иштери Баткен облусунан баштап Ош жана Жалал-Абаддын аймагында жүргүзүлүп жатат.