CASA-1000 долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашаган 220 адамга компенсация төлөндү

CASA-1000 долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашаган 220 адамга компенсация төлөндү.

Бизге “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, алар долбоордун таасири астында калгандар.

Белгилеп кетсек, CASA-1000 — Кыргызстан, Тажикстан Афганистан жана Пакистан ишке ашырып жаткан коммерциялык энергетикалык долбоор.

Ал эл аралык банктар тарабынан каржыланат.

Каржылоо жеңилдетилген шарттарда 25 жылдан 30 жылга чейинки мөөнөт менен берилген.

Бирок Кыргызстан бардык салымдарды электр энергиясын 15 жыл экспорттоонун эсебинен жабууну пландоодо.