Кыргызстанда доллар бир күндө 4 сомго арзандады

Кыргызстанда доллар бир күндө 4 сомго арзандады.

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда валютаны сатып алуу курсу 85-86 сомдон, сатуу 87 сомдон болууда.

Кечээ эле АКШ валютасын сатуу курсу 89 сом болчу.

Коммерциялык банктарда сатып алуу курсу — 1 доллар үчүн 84-85 сомго чейин болууда.

Ал эми Улуттук банктын расмий орноткон куну 94 сом 29 тыйынды түздү.